www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган:

Америка Кошмо Штаттары менен Түркиянын мамилеси жакшы нукка бурулбай жатат. Бул тууралуу кечээ, 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Түрк лидери Анкаранын Джо Байдендин администрациясы менен мамилеси башынан эле туура башталбаганын айтып, эгер НАТОнун мүчөсү АКШга коргонуу жаатында жардам бербесе, анда башка өлкөдөн жардам сураарын эскертти.

Түркиялык Haberturk менен Эрдогандын сөзүнө таянып жазгандай, эки өлкөнүн ортосундагы пикир келишпестиктер Түркиянын Россиядан С-400 ракеталык системаларын сатып алуусунан келип чыккан. Вашингтон буга нааразы болгон.

"Түрк-америка ортосундагы мамилелер жакшы жаатта өнүгүп жатат деп айта албайм", - деди түрк лидери Нью-Йоркто журналисттерге.

Эске салсак, өткөн жылы Түркия Москва менен миллиарддаган доллар баадагы С-400 системасын сатып алууга макул болгондон кийин Дональд Трамптын администрациясы Түркиянын коргоо секторуна санкция киргизген.

Кээ бир эксперттердин айтымында, С-400 НАТО жана АКШ колдонгон F-35 учактары үчүн коркунуч туудурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости