www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушууда Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган Анкара Крымдын Орусияга кошулганын тааныбай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Daily Sabah басылмасы жазып чыкты.

Эрдоган: «Биз Крымдын аннексияланышын тааныбоо чечимибизди дагы бир жолу тастыктадык», — деди.

Түркиянын президенти Украинанын чыгышындагы кризис тынчтык жана диалог жолу менен чечилиши керектигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, 10-апрелде Зеленский Түркия менен Украинанын ортосундагы жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Түркияга келген.

Эске салсак, буга чейин Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын телефондук сүйлөшүүсүндө Украинаны талкуулаганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости