www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Референдумда жаңы Конституциянын долбоору кабыл алынса, биз ага жаңы мыйзам долбоорлорун киргизебиз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров добуш бергенден кийин брифингде айтты.

Жапаров Кыргызстанда бири-бирине карама-каршы жазылып калган мыйзамдар көп экенин белгиледи.

«Жазык кодексинде, Жазык-процесстик кодексинде бири-бирине карама-каршы келген жагдайлар бар. Биз ошолордун бардыгын иретке келтиришибиз керек. Бир эле бул кодекстерде эмес, бардык мыйзамда ошондой. 30 жылдан бери ошол карама-каршылыктарда жашап келдик. Жаңы Конституциянын долбоору даярдалган күндөн баштап өкмөткө, сотко, аппаратка, прокуратурага «мыйзамдарды карап чыгып, бири-бирине карама-каршы келгендер болсо оңдогула" деген тапшырма бергенбиз», - деди Жапаров.

Президент мыйзам долбоорлорунун пакети иштелип чыгып даяр турганын айтып, жаңы Конституциянын долбоору кабыл алынса, алар парламенттин кароосуна жөнөтүлө турганын кошумчалады.

«Жогорку Кеңеш жайкы шайлоого чейин жаңы мыйзам долбоорлорун карап, кабыл алып бериши керек. Андан кийин жаңыча жашайбыз», - деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-апрелде, өлкөдө элдик референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат. Мамлекет башчы Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости