www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен Астанадагы жолугушууда Сириядагы кырдаалды талкуулоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу бейшемби күнү, 13-октябрда TRT Haber телеканалы билдирди.
Ошондой эле, саммиттин алкагындагы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеде дан коридорунун иштеши маселеси каралат.
Анын алдында Астанадагы саммиттин катышуучулары Орусия Федерациясынын президентинин газ транзитин Европага Түндүк агымынан Кара деңизге өткөрүү жана ири газ хабын түзүү боюнча сунушун карай турганы белгилүү болду.
Эрдоган менен Путиндин жолугушуусу 13-октябрда болот. Өлкө лидерлери Украинадагы жаңжалды, эки тараптуу мамилелерди талкуулап, учурдагы маселелер боюнча пикир алмашат.
Булак: NazarNews.kg