www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Каржы министри Джанет Йеллен энергетика рыногундагы кырдаалдан улам Европада кыш оор болорун эскертти.

"Тилекке каршы, быйылкы кыш жана кийинки жылы - жаңы кубаттуулуктар ишке киргизилгенге чейин, менимче, абдан кыйын болот", - деди Йеллен.

Анын айтымында, суюлтулган жаратылыш газынын жана кубаттуулуктун жетишсиздигинен улам АКШ Европанын энергетикалык муктаждыктарын чектелген өлчөмдө гана камсыздай алат. Ошол эле учурда Евробиримдикке LNG экспорту көбөйдү, деп кошумчалады ал.

Буга чейин Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башкы экономисти Пьер-Оливье Гуринша Европа үчүн 2023-жылдын кышы 2022-жылдын кышынан да жаман болушу мүмкүн деп болжолдогон. Эл аралык валюта корунун өкүлү европалыктарга энергетикалык кризисти “убактылуу шок” катары карабоо керектигин эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости