www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин VI саммити башталды.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияровдун айтымында, форумга 11 мамлекеттин башчылары катышууда. Алардын арасында Өзбекстан, Орусия, Азербайжан, Ирак, Иран, Катар, Кыргызстан, Палестина, Тажикстан, Түркия, Вьетнам жана Кытайдын лидерлери бар.

Беларустун президенти Александр Лукашенко саммитке байкоочу катары катышат.

АӨИЧК 1992-жылы Казакстандын демилгеси менен түзүлгөн мамлекеттер аралык форум. Анын ишмердүүлүгү диалог үчүн шарттарды түзүүгө, чечимдерди кабыл алууга жана Азияда коопсуздук чараларын ишке ашырууга багытталган.

Аймактын 27 мамлекети АӨИЧКга мүчө. Форумга сегиз өлкө жана беш эл аралык уюм байкоочу катары катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости