www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин августта өлкөгө келерин билдирди.
Анын айтымында, алар Россия менен Украинанын ортосундагы туткундарды алмашуу темасын талкуулашат. Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүү учурунда Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү уланта берерин убада кылган.
“Биз Россия жана Украина менен туткундарды алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. Путин келерки айда Түркияга келет. Жана биз дагы бул теманы тет-а-тет форматында талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Алдыдагы мезгилде да аны менен телефондук сүйлөшүүлөрдү улантам”, - деди түрк башчысы.
Ал туткундарды алмашуу темасы Түркия үчүн эң башкы приоритеттердин бири экенин баса белгиледи. Эрдоган Украина менен Россиянын диалогу көрүнүктүү жыйынтыкка алып келет деген үмүтүн билдирди.
Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Эрдоган менен Зеленскийдин Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнө тыкыр көз салып жатканын билдирген. Орус лидеринин администрациясынын өкүлдөрүн тараптар эмне тууралуу сүйлөшөөрүнө кызыгышты. Ошондой эле Песков Эрдоган менен Путин жакын арада сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн четке каккан жок, бирок жолугушуунун так датасы азырынча белгилене элек.
Булак: NazarNews.kg