www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польша өлкөнүн чыгышында (Беларусь жана Россия менен чек ара) аскердик позициясын бекемдөөнү чечти. Бул тууралуу olsatnews өлкөнүн Башкы командачылыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

“Биз Чыгыш Польшадагы өз катышуубузду күчөтүп жатабыз. 12-жана 17-механикалаштырылган бригадалардын 1000 жоокери жана дээрлик 200 даана техникасы Польшанын чыгышына барат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Аскерлер Беларустун чек арасына жакын жайгашкан Подласье аймагына багыт алышат. Өткөрүп берүү 8-июлга белгиленген, ошондуктан польшалык айдоочуларга ошол күнү өлкөнүн жолдорунда аскердик колонналардын кыймылы тууралуу эскертилген.

Бул июль айында Варшавадан Польша-Беларусь чек арасын экинчи ирет бекемдөө. Айдын башында өлкөнүн Ички иштер министрлиги “кырдаалдын курчушуна байланыштуу” 500 полиция кызматкерин ал жакка жөнөтүүнү чечкен. Ал топ Польшанын бул чек арасынын коопсуздугун камсыз кылган 5 миң чек арачы жана 2 миң жоокерге кошуларын белгилеген.

Польша “Вагнер” ПМКсынын аскерлери Белоруссияга кайра жиберилиши мүмкүн болгондугуна байланыштуу чыгыш чек араларын бекемдей баштады. Президент Анджей Дуда бул Варшава үчүн “терс сигнал” экенин белгиледи. Беларустун Коргоо министрлиги вагнерчилер үчүн бир нече мурдагы аскерий лагерлерди жана чатыр лагерин сунуштаганын, бирок азырынча бул маселе биротоло чечиле электигин белгиледи.

Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкө эч кимге кол салбай турганын, бирок ага каршы агрессия болгон учурда регулярдуу армия да, Вагнер ПМКсы да, эгерде алар республикада болсо, коргонууга даяр экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости