www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Режеп Таййип Эрдоган, армян баскынчылыгына каршы күрөшүп жаткан азербайжандыктардын жанында экендиктерин билдирди. Бул тууралуу ТРТ басылмасы жазды.
Түркия Улуу Улуттук Жыйыны (Парламент) бүгүн эки айлык эс алуудан кийин мыйзам чыгаруу ишин кайра баштады.
Президент Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынына 27-чакырылыш 4-мыйзам чыгаруу жылынын ачылышынан улам кайрылды.
Эрдоган сөзүндө: «Кипр жана Азербайжан түрктөрүнөн Балканга жана Түндүк Африкага чейинки бардык жердеги боордошторубузду колдогон Парламентибиз, улутубуз менен биргеликте бардык досторубуздун дагы үмүт булагы экендигин көрсөттү»,- деди.
«Түркияда өзүбүздү «Бир улут, эки мамлекет» деп эсептеген, азербайжандык боордошторубузду бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен жана чын жүрөктөн колдообузду улантабыз»,-деген Эрдоган: «Бул аймакта туруктуу тынчтыкка жетүүнүн жолу, армяндар басып алган Азербайжан жеринин ар бир карышынан чыгып кетүүсү менен болот»,-деп айтты.
Армения бийлигинин бардыгын жыйыштырып коюп Түркияга жалаа жабуу менен алектенгенин сынга алган Эрдоган: «Мен бул шылуун мамлекетти (Армения) колдогондорго адамзаттын жалпы абийиринин алдында жооп беришерин эскертем»,-деди.
Армениянын президенти Никол Пашиняндын Тоолуу Карабахта болуп жаткан Армения-Азербайжан жаңжалына Түркиянын кийлигишпөөсүн камсыздоо жөнүндөгү эл аралык кайрылуусуна, "Биз бул жерде эмне кыла турганыбызды Пашиняндан сурабайбыз. Биз бул чечимди өзүбүз чыгардык",-деп кесе айтты.
Эрдоган сөзүндө терроризмге каршы күрөшкө токтолуп, операциялар Ирактын чек арасындагы террор уюктары толугу менен жок кылынганга дейре улантыларын баса белгиледи.
Түркия катары Жер Ортолук деңизинде чыр-чатактарды, чыңалууну, мыйзам бузуучулукту каалабаганына токтолгон Эрдоган: «Биз өз укугубузду сактайбыз. Жер Ортолук деңиздеги саясий жана экономикалык потенциалды бөлүштүрүү боюнча талаш-тартыштарды адилеттүү негизде чечүү биздин биринчи тандообуз»,- деп айтты.
Европа Биримдигинин (ЕБ) Грециянын жана Кипрдин Рум тарабынын эркелигинин туткуну катары натыйжасыз, горизонталсыз, тайыз түзүлүшкө айлангандыгын баса белгилеп: «Биздин аймакта пайда болгон жана ЕБнин демилгеси жана салмагы менен чечилген бир дагы көйгөй жок. Тескерисинче, Биримдик катышкан ар бир кризис жаңы өлчөмдөргө ээ болуу менен күчөп кетти»,-деди.
«Биринчи Дүйнөлүк согуш учурунда биз көз жашыбызды төгүп таштап кетүүгө аргасыз болгон бул шаарда дагы деле болсо Осмон дөөлөтүнүн каршылыгынын издерин жолуктурууга болот. Демек, Кудс биздин шаар, ал бизден чыккан шаар",-деген Эрдоган мындай деди:
«Ар бир аянтчада эзилген Палестина элинин укуктарын билдирүүнү биздин өлкөнүн жана улуттун атынан сыймык деп эсептейбиз».
Булак: NazarNews.kg