www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия Батыштын он элчисин өлкөдөн чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы маалымат жыйынында билдирди. Буга чейин Канада, Франция, Финляндия, Дания, Германия, Голландия, Жаңы Зеландия, Норвегия, Швеция жана АКШнын элчилери Түркиянын ички иштерине мындан ары кийлигишпей турганын Твиттер баракчалары аркылуу жазган.
Түркия президенти Эрдоган 23-октябрда Тышкы иштер министрлигине батыштын он элчисин өлкөдөн чыгарууну тапшырган. Ал мамлекеттердин Түркиядагы элчилери төңкөрүш жасоого катышкан деп айыпталган филантроп Осман Каваланын ишин кайрадан калыс жана адилет карап, аны бошотууну талап кылган болчу.
Түркия НАТОнун мүчөсү жана Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер. Бирок Эрдоган дипломаттардын өлкөдөгү кырдаал боюнча Анкарага кеңеш берүүгө укугу жок экенин айткан. "Бул элчилердин бизге келип, эмне кылуу керектигин айтууга акысы жок! Силер кимсиңер?" - деген болчу түрк лидери Адилеттик жана өнүгүү партиясынын тарапташтарынын митинги учурунда.
Түркияда абакта отурган 64 жаштагы Осман Кавала “2013-жылы бийликке каршы акцияларды уюштурган” деп айыпталып, былтыр 2020-жылы акталган. Бирок түрмөдөн чыгарылбай туруп, ага - 2016-жылы Эрдоганга каршы мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетине байланыштуу жаңы айып тагылган.
Осман Кавала бул айыптоону четке кагып, анын кылмыш жасаганын аныктаган эч бир далил жоктугун буга чейин соттук териштирүүдө билдирген.
Булак: NazarNews.kg