www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

X-бөүлм

Бирок эмнеси болсо да, башында айткандай, А.Масалиевди «ээрден кулатканга» ынгайлуу шарт түзүлдү. Кезексиз чакырылган 12-сессияга бир ай калганда анын күн тартиби гезиттерге жарыяланат. 114 депутаттан турган «Демдептоп» күн тартибине биздин сунуштар киргизилген жок деп «Снова по аппаратному сценарию» деген ат менен экинчи билдирүү менен чыгат.

Алар: Обратиться с письмом газету нас заставили следующие обстоятельства: как сообщалось 25 сентября, состоялась заседание президиума Верховного Совета... Накануне мы обратились в президиум с предложением о повестке дня предстоящей сессии Верховного Совета. К сожалению, голос большой группы депутатов не был услышан. Многие вопросы, предложенные нами, не был включены в повестку. Мы насстаиваем: включить в повестку - 1. О проекте закона о введении президентского правления в республике... Раньше нас поняли Узбекистан, Казахстан, Россия... Неужели и здесь мы вынуждены будем догонять события? 2. О проекте закона «Об общественных организациях и партиях; 3. О новом регламенте работы Верховного Совета Киргизской ССР: 4. О средствах массовой информации Верховного Совета...

Мындан сырткары, Ош окуясы боюнча маселени президиум акыркы маселе кылып киргизиптир. Биз регламент маселесинен кийин эле Ош окуясын кароону сунуш кылдык деп билдиришкен. Булар айткан маселелер күн тартибинде бар экенине, жарыяланганына карабай өздөрү жаңыдан киргизип жаткандай көрсөтүшкөн. Мисалы, президент институтун киргизүү дагы, шайлоо да бар эле. Бирок бул билдирүү чыныгы парламентчилердин кадамдарына окшошкон. Билдирүүгө демтоптун тең-төрагалары кол койгон («Советская Киргизия, 1990. 4-октябрь, №228).

Жыйынтыктап айтканда, Жогорку Советтин кезексиз чакырылган экинчи сессиясына сырттан «көчө демократтары», ичтен «коммунист-демократтар» катуу саясий күрөштө бирге болоору ачыкка чыкты, А.Масалиев токтоосуз отставкага кетсин деп. Ак үйдүн кире беришинде КДКнын палаткалары тигилип, ондогон КДК мүчөлөрү ачкачылык жарыялаган. КДКчылардын жарыялаган ачкачылыгы боюнча КДКнын лидери депутат К.Акматов минтип жазган: КДКнын ачкачылыгы бардык жагынан уюшулган, сүйлөшүп макулдашкан, күн мурунтан даярдалган, а түгүл жарыя кылынган, мүнөзү боюнча саясий топ адам катышкан ачкачылык.

Ачкачылыктын талабы, урааны, максаты жана чакырыктары күн мурунтан ойлонулуп, макулдашылып, кагазга жазылып, машинкага басылып, ураандар сыр боёк менен кездеме, картон бетине түшүрүлүп бүткөн. 22-октябрда сессия башталды, а биз 21-октябрдын кечинде штабга чогулуп... сүйлөшүп отуруп, эң негизги маселе тизме эле, ким чыгат ачкачылыкка? Жүздөн ашык адамдын тизмеси бар, такталган...

Албетте, ачкачылыкты даярдап жана өткөрүү боюнча штаб түзүлгөн. Жетекчилигине өз ыктыяры менен Т.Тургуналиев турган. Жекшеев, Мукамбетов, Кененбаева. Сарыбаев, Маатказиевдер ага жардамдашмак болгон. Тең-төрагалар ачкачылыкта болбой, уюштурмак болчу. Топчубек ушинтип чечкен... Бирок иш жүзүндө башка болуп чыкты... 22-октябрдын таңында өкмөт үйүнүн алдына жакындап келе жатам... Топураган элдин карааны... Бири башына ак жоолук менен кыя байлаган, бири мойнуна көрнөк асынган, бири желек кармаган... Айтор, бүгүнкү тургандар «Ак үйдүн» алдына мурда-кийин келип тургандарга таптакыр окшобойт.

Алыстан окулган плакаттар: «Свободу общественным организациям., «Демократия и гласность», «Масалиева в отставку», «Мы за президентскую республику»... Тепкичтерден көтөрүлүп Ак үйдүн эшигинин оозуна келсем, оо шумдук, Топчукем турат мойнуна көрнөк илип алып.

- Ой, дептирмин чочуп, сен да чыктынбы? Түндө ушундай деп чечтик дейт кызарбаган Топчуке көзүн ала качып... Көрсө, ал бечаранын жашыруун аракети бизди алдап, тең-төрагалардын арасынан жалгыз суурулуп чыгып, ачкачылыктын лидери болушта тура. Анын ою боюнча ошону менен ал 5 тең-төрагадан өзгөчө популярдуу, абройлуу болмок.

Албетте, мен ден-соолугума байланыштуу чыкмак эмесмин. Бирок Ж.Жекшеев, Т.Маатказиевдер чыгышы толук ыктымал эле. Ошол экөөнү, айрыкча Ж.Жекшеевди жолго таштап кеткенине Топчубек аябай маашыр болуп, 6 күн ачкачылыктын «атаманы» болуп турду. Окуучум ойлобонуз, бул КДКчылар 10 жыл өткөндөн кийин бир-бирин жамандап жаза баштады деп.

Кеп тарых чындыгында, адам мүнөзүндө, бурмалабай так бериште деп эсептейм... Кудай-таала берген кемчиликтен баарыбыз эле куру эместирбиз. Бирок Т.Тургуналиевдин табиятында «популизм» деген кесел өзгөчө кабылдап, айыкпай турган өзгөчө ооруга айланган. Ал үчүн кандай гана айла-амал менен болсо да, биринчи орунга чыгыш максат. Ошону билип, мен аны ар дайым алдыга коё берчүмүн. Өзгөчө митингдерде элден оозунуп сүйлөө ага кумар... А.Масалиев жөнүндө азил ырын Ө.Абдрахманов илип койду...

«Өз элин багып, бай кылбай,

Өргөөсүн чучук май кылбай,

Кызматка неге тырмышат.

Кыйноого түшкөн маймылдай». (Аталган китеп, 128-129-бб.)

Уландысы бар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости