www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган брифингде Анкара Финляндия менен Швециянын НАТОнун курамына киришине макул боло албай турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазган.

"Биз "ооба" дей албайбыз. Анда НАТО коопсуздук уюму болуудан калып, террорчулардын өкүлдөрү чогулган жайга айланат. Таарынышпасын, бирок макул боло албайбыз", — деди Эрдоган.

Ал Түркия кетирген катачылыгын улам кайталай бербей турганын белгилеген.

"Буга чейин Греция НАТОдон чыгып, кайра кирди. Эми мен элиме суроо узатып жатам: башка мамлекеттер Грецияга колдоо көрсөтүп жатабы? Көрсөтүп жатат. База түзүп жатышабы? Түзүп жатышат. Биз кантип аларга ишенебиз. Швеция — террорчулуктун очогу, парламентинде Күрдстан жумушчу партиясынын (Түркияда тыюу салынган — ред.) террорчулары отурат. Кантип ишенебиз?" — деди президент.

Анын айтымында, Финляндия менен Швециянын делегациялары Түркияга келгени жатышат, бирок бул нерсе Анкаранын оюн өзгөртө албайт.

Эске салсак, буга чейин өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкара эки өлкөнүн альянска кошулушу боюнча соодалашпай турганын, бул жаатта террорчулар менен кызматташууну толук токтотуу жана Түркияга курал жеткирүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу шарты каралган бекем позициясы бар экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости