www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын Грециядагы аскерий базалары Орусияга каршы багытталган деген дооматтарга ишенбейт. Бул тууралуу Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

«Учурда Грецияда АКШнын тогуз аскерий базасы орнотулду. Алар кимге каршы коюлган? Алар Орусияга каршыбыз деп жатышат. Бирок биз буга ишенбейбиз», - деди Эрдоган.

Эрдоган Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин алгач Анкара менен Афинанын ортосунда үчүнчү өлкөлөрдүн катышуусуз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаганын, эки жумадан кийин АКШ Конгрессинде сөз сүйлөп, ал жерде Түркияга каршы сөздөрдү айтканын да эске салды.

Май айында түрк президенти Грециянын премьер-министри Анкараны АКШга болгон сапары учурунда F-16 согуштук учактарын сатпоого чакыргандан кийин анын «жок экенин» билерин айткан.

НАТОго мүчө Түркия менен Греция Эгей деңизиндеги талаштуу аралдардын статусу, аймактык суулар жана аба мейкиндигиндеги чек аралар боюнча бир нече жолу аскерий жаңжалдашкан.

Грециянын премьер-министри 25-майда Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда түрк авиациясынын өлкөсүнүн аба мейкиндигин бузганы тууралуу маселени Түркия муну токтотмоюнча көтөрө турганын айтты.

Эртеси Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Грецияны Эгей деңизиндеги аралдарды демилитаризациялоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин бузду деп айыптап, ага жооп кайтаруу менен коркутту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости