www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернетте Өзбекстанда үчүнчү баланын төрөлүшүнө тыюу салынып жатканы тууралуу маалымат тарады. Республиканын бийлиги бул кабарларды четке какты.

«Социалдык тармактарда жана «Telegram» мессенджеринде Сенат бекиткен жаңы мыйзамга ылайык, 2023-жылдан тарта Өзбекстандын жарандарына экиден ашык балалуу болууга тыюу салынат деген маалыматтар тарап жатат. Бул чектөө сакталбаса, айып пул салынат, деген маалымат чындыкка дал келбейт», - деп айтылат билдирүүдө.

Республиканын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, жыл башынан бери төрөттүн эң жогорку көрсөткүчү Самарканд облусунда, эң төмөнкү көрсөткүч Сырдарыя облусунда белгиленди.

Жалпысынан быйылкы жылдын январь-май айларында республика боюнча 338 миң 636 бала төрөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости