www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын баш калаасы Берлин шаарында автоунаа топтошкон адамдарды сүзүп, бир киши каза болду. Бул тууралуу RBB радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, 8-июнда шаардын батыш бөлүгүндө жайгашкан Шарлоттенбург районундагы Ранкештрассе көчөсүндө болгон кырсыкта ондогон киши жараат алды.

Полиция автоунаанын айдоочусу кармалып, окуянын себептери териштирилип жатканын билдирди. Ал адамдарды атайылап сүзгөнбү же кокустан болгон кырсыкпы, азырынча белгисиз.

Эске салсак, ушул эле көчөдө 2016-жылы да теракт болгон. Анда жүк ташуучу машине жаңы жылдык жарманкеге чогулгандарды сүзүп, 12 киши набыт кеткен. Ал окуя үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюму өзүнө алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости