www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Орусия-Украина согушунун бүтүшү жана тынчтыктын орношуна салым кошууга даяр экендиктерин айтты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Хакан Фидан расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.
Андан соң эки министр биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.
Фидан АКШнын жаңы демилгесине (Орусия-Украина согушун токтотуу) натыйжага багытталган мамилеге чоң маани беришкенин айтып: "Коопсуздук кепилдиктери биз жакындан карманган темабыз. Негизи Түркия тынчтыкка салым кошууга даяр", - деди.
Министр Фидан: "Биз Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүү жолу менен тынчтык орнотуу үчүн ар кандай колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Биз мурдагыдай эле сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даярбыз", - деп айтты.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо: "Түркия менен Орусия ар тармакта байланышта. Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Путин тынымсыз байланышта", - деп айтты.
Лавров Орусия-Украина согушу боюнча: "Бул согуштун келип чыгышынын себептери жок кылынмайынча, анын бүтүшү мүмкүн эмес", - деп кошумчалады.
Лавров өткөн жумада Эр-Риядда америкалык аткаминерлер менен болгон жолугушууларында ар кандай көз караштар пайда болгонун айтып: "Биз америкалык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү улантабыз. Сүйлөшүүлөрдүн канааттандырарлык натыйжасы чыкканда согуштук аракеттер (Украинага каршы) токтотулушу мүмкүн", - деп билдирди.
Орусиянын тышкы иштер министри, "АКШ Сириянын түндүгүндө өзүнчө мамлекетти түздү, максаты жикчилдерди колдоо" деген өз баасын берди.
Конок тышкы иштер министри президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан да кабыл алынды.
Президенттик комплекстеги кабыл алуу басма сөз үчүн жабык өттү.