www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израил Газа тилкесиндеги согушту "каалаган убакта" кайра баштоого даяр экенин айтып, согуштук максаттарына "сүйлөшүүлөр же башка жолдор менен" жетүүгө убада берди. Бул тууралуу ал кечээ, 23-февралда күжүрмөн офицерлерди сыйлоо аземинде билдирди.
"Биз каалаган убакта интенсивдүү аскердик операцияларды кайра баштоого даярбыз, оперативдүү пландарыбыз даяр", - деди ал. "Газада биз ХАМАСтын уюшкан күчтөрүнүн көбүн жок кылдык, бирок сүйлөшүүлөр же башка жолдор менен согуштук максаттарыбызга толук жетээрибизде эч кандай шек жок", - деди Нетаньяху.
Газада 19-январда башталган ок атышпоо Палестина аймагындагы 15 айдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан кыйраткыч салгылашууларды негизинен токтотту. Тынчтык келишиминин биринчи фазасы марттын башында аяктайт, бирок согушту толук токтотууга алып келе турган пландалган кийинки фаза боюнча сүйлөшүүлөр азырынча боло элек.
Израил 22-февралда Газада Хамас тарабынан бошотулган алты израилдиктин ордуна 600дөн ашуун палестиналык туткунду бошотот деп күтүлгөн. Бирок Нетаньяху туткундарды бошотуу кечеңдей турганын жарыялады.
Эске сала кетсек, Хамас менен байланышы бар туткундардын медиа кеңсеси тарабынан жасалган билдирүүдө Израилдин 620 палестиналык туткунду бошотушу, алардын 151инин өмүр бою же узак мөөнөттүү абакка кесилгени тууралуу трт.нет жазып чыккан.
Хамас менен байланышы бар туткундардын медиа кеңсесинин жооптуу кызматкери Нахид аль-Фахури, билдирүү жасап, палестиналык туткундардын бошотулаар алдында Израиль күчтөрү тарабынан ур-токмокко алынганын жана Израилдин эркиндикке чыга турган туткундардын ысымдарын өзгөртүүгө аракет кылып жатканын айтты.
Палестиналык туткундар коому да «Израилдин жетинчи айлампада палестиналык туткундардын бошотулушун кийинкиге калтыруу чечими Израилдин туткундарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө, өзгөчө сууктан улам эркиндикке чыккандарга карата уюшкан террор жана катаал мамиленин бир түрү»,-деди.
Израилдин маалымат каражаттары Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “коопсуздук жыйынын” өткөрүү чечимине келгенин жана палестиналык туткундар жыйын аяктаганга чейин бошотулбай турганын кабарлашты.
Палестиналык туткундарды бошотуу чечими Нетаньяхунун «коопсуздук жолугушуусунун» жыйынтыгына ылайык чыгарыла турганы айтылды.