www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Орусия-Украина согушу бир нече аптанын ичинде бүтөөрүнө ишенет. Бул тууралуу ал Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен бирге Ак үйдө өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
"Менин оюмча, биз муну бир нече жуманын ичинде бүтүрөбүз. Эгер биз акылдуу болсок. Акылдуу болбосок, бул улана берет жана өлбөшү керек болбогон жаш, бакубат адамдарды жогото берүүнү улантабыз. Биз муну каалабайбыз" — деди Трамп.
АКШ президенти ошондой эле жаңжалдын күчөшүнө жана үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышына жол бергиси келбей турганын баса белгиледи.
"Эгер бул өз алдынча чечилбесе, үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн. Согуш бул эки мамлекет менен чектелбей турган мезгил келет. Башка өлкөлөр да катышат. Ал эми бул чындыгында абдан чоң согушка - үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн. Биз буга жол бербейбиз" — деп белгилейт Трамп.
Трамп ошондой эле жакынкы эки аптада Владимир Зеленский менен жаратылыш ресурстары боюнча келишимге кол коюу ниетин билдирди.
"Ал келишимге кол коюу үчүн ушул жумада же кийинки жумада келиши мүмкүн, бул абдан жакшы болмок. Мен аны менен сүйүнүп Овал кабинетинде жолукмакмын" — деди Трамп. Ага кошумча АКШ президенти АКШ менен Украина сейрек кездешүүчү металлдар жана башка маселелер боюнча «акыркы келишимге абдан ынтызар» экенин айтты.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт 22-февралда Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш “ушул аптада” бүтөт деп ишенерин билдирди. Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын кеңири масштабдагы басып алуусунун үч жылдыгынын алдында өткөргөн маалымат жыйынында Орусия менен согушту “ушул аптада бүтүрүү мүмкүн эмес” — дейт.