www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Президент Р. Т. Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу чет элдик басма сөздө да орун алды.

CNN эки лидердин жолугушуусунан кийин  өткөргөн пресс – жыйында соңку жаңылык катары берип түз эфирден берди.

«New York Times» гезити болсо Америка президентинин президент Эрдоган менен өткөргөн пресс - жыйындагы маалыматтарын биринчи бетинен берди. Гезит : «Трамп террор менен күрөшүүдө Эрдоганды союздаш катары мактады» деген темада чыгарды.

Аль Жазира болсо президент Эрдогандын Трамп менен Ак үйдөгү жолугушуусунда түрдүү эки тараптуу темалрды сүйлөшкөндүгүн жарыялады.

Немис эл аралык басма сөзү  «Deutsche Welle» болсо Трамптын биргелеше өткөргөн пресс – жыйындагы маалыматына орун берди. «Deutsche Welle» Трамптын эки тараптуу карым- катнаштардын абдан жакшы экендигин жана келечекте дагы да өнүгөрүн айткандыгын белгиледи.

Грециянын алдыңкы гезиттеринен «Катимерини» болсо Анкара менен Вашингтондун Жакынкы Чыгыштын ырааттуулугун бузууну каалаган террордук уюмдар менен күрөшүү үчүн убада бергендигин жазган.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости