www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган мусулмандарды биримдикке чакырды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Чикагодо өтүп жаткан Америка мусулмандар коомунун жана Түндүк Америка ислам коомчулугунун 20-жылдык биргелешкен конгрессинин катышуучуларына видео кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги жазды.

Түрк лидери белгилегендей, бир катар өлкөлөрдө коронавирустук пандемиянын фонунда ксенофобия, исламофобия жана радикализм менен шартталган кылмыштуулуктун коркунучтуу өсүү тенденциясы байкалууда. Мындай кырдаалда мусулмандардын биримдиги жана бири-бирине болгон колдоосу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

Түрк мамлекет башчысы мусулмандарды үмүт үзбөөгө жана көйгөйлөргө чечкиндүү каршы турууга чакырды. «Үммөттүн (жамааттын) этникалык жана маданий белгилери боюнча бөлүнүшүнө жол бербөө абдан маанилүү. Улутуна, маданиятына, стилине жана терисинин түсүнө карабастан, бардык мусулмандар бир тууган!», – деди Эрдоган.

Түрк президенти исламда фитна жана терроризмге орун жок жана боло албайт деп баса белгиледи. «Заманыбыздын күчөгөн чакырыктарынын фонунда мусулмандар четтебей, өз күчүнө ишенип, коомдо татыктуу орун алууга умтулушу керек», - деди ал.

Мындан тышкары, Эрдоган пандемия учурунда жумушсуз калган адамдарга жардам берүүнүн маанилүүлүгүн эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости