www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергди кабыл алды.

Столтенберг Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана «кылымдын апааты» деп сыпатталган 11 провинцияга таасир тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин тилектештик билдирүүлөрүн берүү үчүн борбор шаар Анкарага келди.

Президент Эрдоган Столтенбергди борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте кабыл алды.

Басма сөзгө жабык өткөн жолугушууда Столтенберг Эрдоганга жана түрк калкына жер титирөөдөн улам «кесепеттери тезирээк жоюлсун» деген тилегин айтты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу НАТОнун баш катчысы менен да жолугушуп, НАТО шериктештеринин жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Хатай жана Искендерунда 3 миң кишилик контейнер үйлөрдү кура турганын айткан.

Последние новости