www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда жалпы шайлоо алты айдан бир жылга жылдырылышы мүмкүн. Буга байланыштуу өлкөнүн Жогорку шайлоо комиссиясы тиешелүү демилге менен чыгат.

Буга чейин Режеп Тайып Эрдоган Түркияда жалпы шайлоо (президенттик да, парламенттик да) 14-майга белгиленгенин билдирген. Түрк лидери өкмөт бул датаны кабыл алууну парламентке сунуштай турганын, эгер кабыл алынбаса, президенттин ыйгарым укуктарын колдоноорун билдирди. Эрдоган Республикалык союздан талапкер болот. Алты оппозициялык партиядан турган коалиция өз талапкерин жарыялай элек.

Түркия парламентинин мурдагы спикери, мурдагы вице-премьер-министр Бүлент Арыч шайлоону кийинкиге жылдырууга чакырды, анткени жер титирөөдөн жабыркаган түрктөр шайлоо алдында стресстен арылууга тийиш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости