www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада беларусь кесиптеши Александр Лукашенко менен жолугушуп, “Газпромдун” 30 жылдыгын белгилейт. Бул тууралуу ТАСС Кремлге шилтеме берүү менен билдирди.

«Жолугушууда Россия-Беларусь стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн негизги маселелерин, ошондой эле Биримдик мамлекетинин алкагында интеграциялык кызматташууну кароо пландалууда», — деп билдирди Кремль.

Буга чейин Лукашенко мындай жолугушууну өткөрүү пландары тууралуу айткан. Анын айтымында, ал коопсуздук, коргонуу, Россия Федерациясынын жана Беларустун өкмөттөрүнүн экономикалык чөйрөдөгү тапшырмаларын аткаруу маселелерине басым жасоону пландаштырууда.

Ошондой эле бул күнү Путин «Газпром» ачык акционердик коомунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу иш-чарага видеобайланыш аркылуу катышат.

Ишкананын жана анын түзүүчү бөлүмдөрүнүн жетекчилиги Путинге стратегиялык долбоорлор, анын ичинде газдаштыруу программасы, түтүктөр системасын жана кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү, социалдык демилгелерге катышуу боюнча отчет бериши күтүлүүдө.

Путинге таандык делген "Газпром" ААК Россиядагы эң ири газ өндүрүүчү компания, Россия Федерациясынын эң маанилүү чийки зат консорциумдарынын бири. Концерндин негизги ишмердүүлүгү газды, газ конденсатын жана нефтини чалгындоо, казып алуу, ташуу, кайра иштетүү, сактоо жана сатуу болуп саналат. Орус өкмөтүнүн «Газпром» акционердик коомун түзүү жөнүндөгү токтомуна 1993-жылдын 17-февралында кол коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости