www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Өлкөбүздү коргонуу өнөр жайындагы тышкы көз карандылыктан толук бошотмойунча, инвестициябызды көбөйтө беребиз»,-деди. Бул тууралуу маалыматты трт.нет жазып чыкты. 

Президент Эрдоган Кайсери шаарында жайгашкан A400M Fasbat учактарын тейлөөчү жайлардын ачылышына жана калыбына келтирилген биринчи A400M учагынын тапшырылышы жана Стратегиялык кызматташтык келишимдеринин сертификат аземине түз байланыш аркылуу катышты.

Эрдоган, Түркия коргонуу өнөр жайындагы тышкы көз карандылыктан толугу менен кутулганга дейре инвестициялар улана берерин айтты.

Президент Эрдоган: «Терроризмге каршы дээрлик 40 жылдык күрөшүбүздө биз биримдиктин духуна туура келбеген көптөгөн окуяларга туш болдук. Терроризмге каршы күрөшүү учурунда биз жалгыз калдык. Биздин досторубуз деп аталгандар бизди алсыратуу үчүн болгон күчүн жумшашты. Өлкөбүздүн суранычы болгондо кырк дарыядан суу алынып келингендей татаалдашкан куралдар ДЕАШка каршы күрөшүү шылтоосу менен Сириядагы террорчуларга миңдеген жүк ташуучу унаалар жана рейстер менен жеткирилген»,-деп айтты.

Түрк фирмаларынын коргонуу өнөр жайында чоң ийгиликтерге жетишкендигин айткан Президент, «Биз дүйнөдөгү алдыңкы 3-4 мамлекеттин катарына кирдик. Бүгүнкү күндө биз жергиликтештирүү жана улутташтыруу алкагында түзүлгөн келишимдер менен өлкөбүздүн максаттарына бир топ кыска убакытта жетебиз»,-деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости