www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия президенти Режеп Эрдоган Орусияны Идлиб провинциясындагы карапайым тургундарга кол салууда деп айыптоодо. Ал түрк аскерлерине кайрадан чабуул жасалса, Сирия өкмөтүнүн аскерлерине жооп кайтарыларын эскертти.

Орусиянын Коргоо министрлиги Эрдогандын маалыматы чындыкка дал келбей турганын айтты. Орусиянын көз карашында, Сириядагы террордук топтор карапайым тургундарды “калкан” катары пайдаланууда.

Апта башында Түркиянын Идлибдеги байкоо бекетине чабуул жасалган. Ондогон түрк аскерлери өлгөн. Анкара Москваны Сирия президенти Башар Асадды ыкка көндүрүп, аймактагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырган.

Бул арада түрк жана сирия басылмалары АКШ армиясы менен Башар Асаддын армиясы кагылышканын жазды. Бир карапайым тургун набыт болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, Сирия аскери америкалык патрулду токтотуп, асманга ок аткан. АКШ аскерлери бир кишини атып өлтүргөн. Мындан кийин америкалык учактар бир ирет абадан сокку урганы айтылууда.

Reuters өз булактарына таяныуу менен билдиргендей, АКШ коалициясы сирия жоокерлери менен болгон жаңжалды тастыктады. Маалыматка караганда, абал жөнгө салынды, патруль базага кайтып келди. Окуяны иликтөө иштери жүрүүдө.

Идлиб тогуз жылдан бери Сириянын президенти Башар Асаддын режимине каршылык көрсөтүп келген көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы чордону болуп саналат. Асаддын күчтөрү бул аймакты каратып алыш үчүн жаңы чабуулун былтыр 19-декабрда баштаган.

Түркия Сириянын оппозициясын, Орусия Башардын өкмөтүн колдойт. Москва менен Анкара Идлибдеги аскердик аракеттерди токтотуп, демилитаризацияланган аймак түзүүнү макулдашкан. Бирок бул макулдашуунун шарттары бир нече жолу бузулган.

Последние новости