www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен жакынкы күндөрү Орусия менен Украина ортосундагы чыңалууну жумшартуу үчүн телефон аркылуу сүйлөшө турганын түрк лидеринин басма сөз катчысы Ибрагим Калын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Эрдоган - Анкарада же Стамбулда Түркия, Орусия жана Украина президенттеринин үч тараптуу саммитин уюштурууга даяр экенин билдирген. «Президентибиздин Орусия менен Украинанын лидерлеринин жолугушуусу тууралуу сунушу чындыгында бул кризистен чыгуу үчүн эң маанилүү жана эң конкреттүү сунуш болгон.

Украинага жакында болгон иш сапарыбызда Зеленский менен Украина боюнча сүйлөшкөнбүз. Ошондой эле, президент Эрдоган - Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү демилгесин көтөрдү. Жакынкы күндөрү дагы телефон чалуусу болот. Тараптар бул маселени талкуулайт», - деп билдирди Ибрагим Калын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости