www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Жыл өткөн сайын кымбатчылык маселеси курчуп баратат. Элдин жашоосу начарлап, жакырчылыктан чыга албай турабыз. Качан жашоо оңолот, эмне кылуу керек?
- Берген сурооң өтө көйгөйлүү жана мааниси жагынан биринчи орунда турат. Бул маселе мындан ары дагы курчуйт, жакырчылык токтобойт, тилекке каршы, күчөйт! Сурооңо кыскача жооп берүү мүмкүн эмес, себеби 30 жылдын ичинде (эгемендүү болгонубуздан баштап) өзүбүздүн сааттай иштеп жаткан системабызды толугу менен талкалап салдык!
Жаңы, бирдиктүү система кура алган жокпуз. Ар бир эси бар адам жаңы үй куруп, анан эски тамын демонтаж кылат, буздурат. 30 жылдын ичинде элинин курсагын зорго тойгузуп жаткан, миллиарддан ашык эли бар Кытай космосту багындырып, экономикасы боюнча дүйнөдөгү биринчи мамлекеттердин катарына кирди жана тездик менен дагы өнүгөт. Өнүгүүсү токтобой, шумдук ылдамдыкта алдыга кетип баратат.
Биз болсо болгону 6 миллион калкыбыз бар гүлдөгөн мамлекеттин күлүн сапырып салып, жарга келип такалып турабыз! Кептин баары башчылардан жана башкаруудан! Биз качан жакырчылыктан чыгабыз? Журт башчыларыбыз арканды алыс таштап, патриоттук сезимде иш алпарып, элдин, жердин бүтүндүгүн ойлоп, кыргызга балта чаап аткан бир ууч коррупционерлерден тазаланып, мыкты, “арты” таза кадрларды өстүрүп, жаштардын келечегине кам көргөн учурда гана жакырчылыктан чыгабыз.
Булак: Азия News гезити