www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина президенти Владимир Зеленский 20-февралда жасаган билдирүүсүндө баарын «үн катпоо» режимин ишке киргизип, кризисти тынч жол менен чечүү аракетин күчөтүүгө чакырды. Ал, ошондой эле, үч тараптуу байланыш тобунун жолугушуусун «чукул» өткөрүүгө чакырды. Ага Украина, Орусия жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) кирет. Бул топ 2014-жылы Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен Киевдин жаңжалы башталганда түзүлгөн.
Зеленский ушул күнү Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефондон сүйлөшкөн. Андан мурда Макрон орус лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
19-20-февраль күндөрү Украинанын чыгышында Киевдин күчтөрү менен Москва колдогон жикчилдердин ортосунда ок атышуулар болгону кабарланууда. ЕККУнун байкоочу миссиясы ок атышпоо режимин бузган учурлар кескин көбөйгөнүн билдирди. Атышууда эки украиналык аскер каза болгону расмий кабарланды.
Булак: NazarNews.kg