www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус президенти Владимир Путин Украинанын айланасындагы кризисти тез арада жөнгө салууга умтулууда. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган PBS телеканалына берген маегинде билдирди.

Эрдоган туткундарды жана айыл чарба продукцияларын алмаштыруу келишимин оң учур деп атады.

"Албетте, бул позитивдүү учурлар, бирок бул жерде Украина кырдаалды Орусиядай түшүнүшү керек. Бул чыр-чатакты өз ара токтотууда алар чечкиндүү болушу керек", - деди ал.

Эске салсак, буга чейин Эрдоган Батыш өлкөлөрүнүн Украинадагы саясатын туура эмес деп эсептей турганын айтып, муну чагымчылдыкка багытталган деп атаган. Ал мындай "чагымчыл багытты" колдобой турганын түшүндүрүп, Анкара жаңжалды жөнгө салуу үчүн Орусия менен Украинага карата тең салмактуу саясатын уланта турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости