www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган Путинди Түркияга келип кетүүгө чакырды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сочидеги сүйлөшүүлөрдө орусиялык кесиптеши Владимир Путинди Түркияга расмий иш сапар менен келүүгө чакырганын айтты.

«Мен ага (Путинге) жакын арада жооп иретинде визит жасоону сунуштадым. Ал буга оң жооп берди. Ошондой эле Түркияда ушул жылдын аягына чейин (Орус-Түрк) Жогорку деңгээлдеги Кызматташтык Кеңешин өткөрүүнү сунуштады. Ал дагы буга оң жооп берди», - деди Эрдоган.

Эске салсак, Путин менен Эрдоган кечээ 29-сентябрад Сочиде сүйлөшүү өткөрүштү. Бул орус президентинин өзүнчө обочолонгондон берки биринчи бетме-бет жолугушуусу болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости