www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас обладминистрациясы УКМКнын маалыматын четке какты

Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) облустук акимчиликте коррупциялык схема аныкталды деген маалыматын четке какты. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда облустук бийлик расмий билдирүү таратты.

Облустук бийлик УКМК өкүлчүлүктүн 2020-жылга чейинки ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзгөнүн, маалымат анын жыйынтыгына негизделгенин билдирип, атайын кызмат айткан "коррупциялык схемаларга" азыркы облус жетекчилеринин тиешеси жоктугун кабарлаган.

УКМК кечээ, 29-сентябрда Талас обладминистрациясында коррупциялык схеманы аныктаганын маалымдаган. Анда айрым кызматкерлер өкүлчүлүктүн имаратында жайгашкан бөлмөлөрдү коммерциялык жана коомдук уюмдарга ижарага берип, андан түшкөн каражаттарды өзү алып жүргөнү айтылган.

Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүлдөр үчүн курулган турак жайдын коммуналдык кызматтарына жана аталган үйдү коргоого мамлекеттик бюджеттен акча мыйзамсыз төлөнүп турганы белгиленген. Коррупциялык схемадан мамлекетке 15 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилгени кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости