www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта төрт адам күйдүргү илдетине кабылганы аныкталды

Жалал-Абаддын Сузак районунда төрт киши күйдүргү (Сибирь жарасы) илдетине кабылганы аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад райондор аралык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жугуштуу оорулардын алдын алуу борборунун жетекчиси Рома Ураимов билдирди.

Октябрь айылындагы ооруканага бардыгы болуп сегиз киши кайрылган. Алардын төртөөсү оору жуктурганы аныкталган. Абалдары канааттандырарлык деп сыпатталууда. Калган төртөө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ураимовдун айтымында, Жашасын айылынын тургундары 16-сентябрда союлган малдын этин сатып алышкан. Эт ошондой эле Кызыл-Сенир жана Бостон айылдарына да таратылган. 100дөн ашык киши ал эттен жеген деген маалымат бар. Учурда эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, буга чейин Аксы районунда жети киши күйдүргү илдетин жуктурганга шектелип ооруканага түшкөн. Анын экөөсүндө инфекция аныкталган. Дагы 41 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Күйдүргү — айыл чарба жана жапайы жаныбарларда, ошондой эле адамдарда кездешүүчү өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оору. Анын бактериялары топуракта узак мезгилге сакталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости