www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров элдик президент катары таанылууда, - дейт саясат таануучу З.Курманов

Кыргызстандын азыркы бийлиги, тагыраак айтканда, Садыр Жапаров элдик президент катары таанылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясат таануучу Зайнидин Курманов 29 -сентябрда “Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь окуялары: себептери, сабактары жана сунуштар” аттуу эксперттик жолугушууда айтты.

«Анын чынында эле башталгыч электораты бар. Бирок ал сый-урматын элге эмес, милицияга, прокуратурага же УКМКга карата багыттаса, бул электорат калың элге айланып кетиши мүмкүн. Күч органдары аны коргобойт, коргой албайт. Бул коомдук турмуштун мыйзамы - алар үч күнгө кетип, кайра келип кийинки бийликке иштеп башташат. Анткени кайсы режим болбосун полицияга, КГБга жана сотторго муктаж», - деп билдирди окумуштуу.

Зайнидин Курманов балдары, неберелери жашаган өлкөгө жардам бергиси келерин айтып, Кыргызстандын чексиз революциялардын өлкөсүнө айланышын каалабай турганын баса белгиледи.

«Жыл сайын аскердик төңкөрүштөр болуп турган Латын Америка өлкөлөрү мындай сыноолордон өтүшкөн. Бирок 40 жыл мурун бийликке жарандык өкмөт келип, ал аскердик өкмөттөр эч качан жасабаган иштерди жасаганга чейин аскерлерди ишендирүүгө мүмкүн эмес эле. Жарандык өкмөт калп айтканды коюп, уурулукту токтотуп, элге кызмат кыла башташкан. Ошондой эле окуя Кореяда болгон, Японияда, Сингапурда жана Малайзияда да ушундай болгон. Малайзияда 30 жыл ичинде өлкө өзгөрдү. Бул өлкө эми бардык артта калган өлкөлөрдүн үмүтү болуп отурат”, - дейт саясат таануучу.

Ал кыргыз саясий режимин меритократия режими кылууну сунуштады (латынча meritus "татыктуу" + кратия бийлик, сөзмө -сөз которгондо "татыктуулардын бийлиги"). Талдоочунун айтымында, ушундай жол менен Кыргызстан ийгиликке жетет. "Грузиядагыдай ийгиликтүү болот, азыр Молдовада, Польшада, Венгрияда, Румынияда жана башка социалисттик өлкөлөрдөгүдөй болуп ийгиликтүү ишке ашат", - деп жыйынтыктады илимдин доктору.

Последние новости