www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү бүгүн, 30-сентябрда, мурда Мамлекет башчысы өзү жашаган Бишкек шаарындагы үйүн кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын балансына өткөрүп берди.

Садыр Жапаров өткөрүлүп жаткан турак жайдын документтерин жеке өзү тапшырып жана «МИК» ААК башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага аталган кыймылсыз мүлктү көрсөтүп берди. Президенттин айтымында, бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы эле сатып алышкан. Кийинчерээк, 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, үй ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген. Садыр Жапаров жаңы ипотекалык программа ишке киргенин, анын аркасында бюджеттик тармактын кызматкерлерине даяр турак жайды сатып алууга насыя жылына 4 % чен менен берилерин эске салды.

Учурда «МИК» ААКсы банктар аркылуу иш алып барарын эске алганда, программа катышуучусу сатып алып жаткан кыймылсыз мүлктүн наркынын 10%дан кем эмесин төлөшү керек деген шарт бар. Келечекте баштапкы төлөмү жок жана ижарага алган турак жайды кийинчерээк сатып алууну караган механизмдер киргизилет. Программаны ишке ашырууну каржылоо жана акыркы пайыздык ченин төмөндөтүү максатында, Мамлекеттик ипотекалык компанияны 5 млрд сомдон ашуун суммага капиталдаштыруу жүрдү.

«Муну менен биз колунда бар, мүмкүнчүлүгү болгон кыргызстандыктарды колдоого чындап муктаж болгондорго жардам берүүгө чакыргыбыз келди. Көп адамдар үй сатып алуу үчүн чет өлкөгө иштегени кетип жатканы баарына маалым. Ошондуктан, шарттарды жеңилдетип, бардык жарандар үчүн иштеген ишине карабастан жеткиликтүү кылуу максатында ипотекалык насыя берүү программасын өзгөртүү чечими кабыл алынды», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

 

Последние новости