www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Швеция менен Финляндиянын делегацияларынын НАТОго мүчө болуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына нааразы экенин билдирди.

"Тилекке каршы, делегациялардын жолугушуусу биз күткөндөй болгон жок", - деди Эрдоган.

Эрдоган Финляндия менен Швецияны "чынчыл эмес жана абийирсиз"  деп атап, аларды "террорчуларды коргоп жатат" деп айыптады.

"Эрдоган Түркиянын президенти болуп турганда, терроризмди колдогон өлкөлөрдүн НАТОго киришине "ооба" деп айта албайбыз", - деп кошумчалады ал.

Түркия, Швеция жана Финляндиянын ортосунда 25-майда Анкарада өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Түркия президентинин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Анкара коопсуздук чараларын көрбөсө, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк демилгеси алдыга жылбай турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости