www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч орун басарымды кызматтан кетирүүнү президентке сунуштадым. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго сунуштама берип, бирок майнап чыкпаганын айтты.

"Үч орун басарым тең иштей алган эмес. Аларга төрт-беш ай мурун эле кете бергиле деп айткам. Жыйындарда аларга тапшырма бербей, башкармалыктын жетекчилерине берчүмүн. Анан кызматтан кетирүү сунушун министрлер кабинетинин төрагасына берсем ишти созуп жүргөн да. Ал "ойлонолу, иштешсин" деп туруп алды. Анан мен президент менен сүйлөшүп "булар менен кантип иштешем" деп айттым. Эми өзү чечет", — деди Бейшеналиев.

Ал Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Нурдин Кагаздиевди жана Улуттук физиатрия борборунун директору Мадемин Каратаевди да жумуштан алууга президентке сунуштама бергенин кошумчалады. Ошондой эле орун басарлары кызматтан бошотулса ордуна келчү жаш кадрлар көп экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости