www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Франциянын TF1 телеканалына берген маегинде Украинанын аймактарынын келечеги тууралуу суроого жооп берди. Анын сөздөрү министрликтин сайтында жарыяланды.

Лавров Москва эгемендүү мамлекет деп тааныган Донецк жана Луганск облустарын бошотууну Орусия үчүн абсолюттук приоритет деп атады.

Ал белгилегендей, Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецкти дайыма аткылап турат, ошондуктан, карапайым калк жапа чегип жатат. Ошондуктан, министр украин аскерлерин ДЭР менен ЛЭРдин чегинен тышкары «артка түртүп» коюуну «ачык» максат деп атады.

Украинанын башка аймактарынын тагдыры тууралуу айтып жатып, Лавров алардын жашоочулары өнүгүү векторун өз алдынча аныктого укуктуу экенин билдирди.

«Аскердик операция жүрүп жаткан Украинанын башка аймактарына карата бул аймактардын тургундары өздөрүнүн келечегин өздөрү чечиши керек», - деп баса белгиледи Лавров.

Орусиянын Тышкы иштер министри Украинанын аймактары президент Владимир Зеленский жараткан чөйрөдө жашагысы келеби же жокпу өзү чечиши керек, анда орус билимине, орус маалыматына жана орус маданиятына тыюу салынганын кошумчалады.

Украинанын аймактарынын тургундары балдарын кантип тарбиялоону өздөрү чечүүнү туура көрүшөт.

Лавров Украинанын жарандары «өзүнүн орусфобиялык маңызын толугу менен далилдеген неонацисттик режимдин бийлигине кайтып келгенге кубанычта болот», - деген күмөнүн билдирди.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости