www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Баткенде аткезчилик жүк аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргызстандын аймагында контрабандалык ишмердүүлүктү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында контрабандалык жүктөр токтотулду.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 15-майында УКМК жана анын Чек ара кызматы тарабынан Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын бейтарап аймагынан КР П.А.Ш. аттуу жаранынын башкаруусундагы Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа 325 унаа дөңгөлөктөрү менен кармалган.

Соода-өнөр жай палатасынын адисинин эксперттик корутундусуна ылайык, кармалган контрабандалык товардын жалпы суммасы 520 миң сомду түзөт.

Жогорудагылардын негизинде КР УКМК 26-май күнү КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси ("Экономикалык контрабанда") менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда керектүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости