www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган террорсуз Түркия максатынан тайбай тургандарын айтты.

Президент Эрдоган БРИКС+ лидерлеринин кеңейтилген жыйынына катышуу үчүн барган Россияга Федерациясына караштуу Татарстан Республикасынын борбор шаары Казан шаарынан кайтып келе жатып учакта журналисттерге маалымат берди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Эрдоган 23 - октябрда борбор шаар  Анкарадагы түрк авиациялык жана космостук өнөр жай акционердик коомунун кампусунда 5 киши шейит болгон террордук кол салууга токтолуп, Түркиянын тынчтыгы, коопсуздугу, коргонуусу үчүн иштеген ТУСАШ үй - бүлөсүнө көңүл айтты.

Кол салууга  карата жооптун  бериле баштаганын белгилеген Эрдоган, террорго каршы күрөштү бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен уланта тургандарын баса белгиледи.

ТУСАШ кол салуусунун Сириядан келген кыймыл экендигин айткан президент террористтердин  куурчак  болгонун белгилеп: «Максатыбыз террорсуз Түркия. Бул боюнча эч кандай мунасага барбайбыз жана кыла албайбыз. Максатыбыз толугу менен көз карандысыз, бүтүн жана өнүккөн Түркия. Террорду толугу менен жок кылуу үчүн аракеттерибизди улантабыз. Мунун булагы Сириябы, Сирия... Ал жердеги булак эмне болсо, эмне жасалыш керек болсо, кечээ кечинде(аба операциялары)  жасаганыбыздай кылабыз. Мындан кийинки процессте да ушул эле чечкиндүүлүк менен жолубузду улантабыз».

Эрдоган ПКК жикчил террордук уюмдун Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнын жалгыз кала тургандыгын белгилеп: «Америка бул террордук уюмун бир канча убакыт колдойт, бирок ал убакыт толгондо да буларды жалгыз калтырууга мажбур болот. Бул ушул бойдон улантылбайт»,- деди.

Последние новости