www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Семинарга Жогорку соттун Административдик иштер боюнча соттук коллегиясы, облустук соттордун, Бишкек шаардык сотунун, республиканын админстративдик сотторунун, ошондой эле Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жетекчилери жана окутуучулары катышышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова иш чараны ачып жатып GIZдин «Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүктү илгерилетүү» аймактык программасы Азербайжандын тажрыйбасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, административдик процесстер боюнча иш-аракеттерди жалпысынан жакшыртуу максатында мындай семинарлар тажрыйба алмашууга өбөлгө болот.

Ошондой эле Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Саяд Каримов өткөн жылы дагы Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде судьялар жана аппарат кызматкерлери үчүн бир нече жолу лекция окуп, административдик сот өндүрүшү жаатындагы бай тажрыйбасы менен бөлүш көндүгүн кошумчалады.

«Борбор Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүктү илгерилетүү» GIZ аймактык программасынын жетекчиси Кристине Коре-Перконе өз сөзүндө Жогорку сот менен тыгыз кызматташтыкта иштегендигин айтып, аталган программа бул жылы жыйынтыкталып жаткандыгын билдирди.

Ал эми Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Саяд Каримов менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуучусу Улан Сатаров доклад менен чыгышты.

Анда алар административдик доого жол берүү жөнүндө, административдик процесстин катышуучулары жөнүндө (доогер жана жоопкер) жана административдик процесстеги мөөнөттөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Административдик-Процесстик Кодексинин ченемдерин колдонуунун кээ бир көйгөйлүү маселелери: Азербайжанда жана Кыргызстанда колдонуу практикасы туурасында айтып беришти.

Мындан тышкары семинардын жүрүшүндө катышучулар административдик процессте прокурордун катышуусу, административдик процессте мыйзамсыз административдик актылардан келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселелерин талкуулашты.

 

 

Последние новости