www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинде (буга чейин ИИМдин алдындагы "Унаа" маммекемеси) 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жүргүзүлгөн аудит аяктады. Аудит тарабынан жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгында Агенттиктин иши төмөндө көрсөтүлгөн жагдайларды кошпогондо, жалпысынан бардык олуттуу аспектилери боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келээри аныкталды.
Отчеттук мезгил ичинде Агенттик өзүнүн кызматкерлерине 201 841,5 миң сом суммадагы сый акы төлөп берилген. Бирок кызматкерлерди сыйлоодо алардын ишинин деңгээлин баалоо критерийлери аныкталган эмес. Өкмөт тарабынан бекитилген майрамдык күндөргө карата бир жолкудан төлөнүүчү сый акынын жалпы суммасы 138 005,0 миң сомду түзгөн.
КР Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобого ылайык, структуралык бөлүмдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтер жогорку орган тарабынан Монополияга каршы кызматтын макулдугу менен бекитилиши керек. 2023-жылдын 6-февралында агенттиктин кызмат көрсөтүү баалары Монополияга каршы кызмат менен макулдашылып, 7-февралда ИИМдин буйругу менен бекитилген, бирок ал буйрук 13-февралда гана ишке кирген. Натыйжада агенттик 216,4 миң каттоо аракетинен 1 974,0 миң сомдук киреше албай калган.
2023-жылы Агенттик 552,7 миң жолу транспорт каражаттарын каттоодон өткөргөн. Жалпысынан аудит учурунда 133,1 миң биринчи каттоолор жүргүзүлгөн. Жогорудагы көрсөтүлгөн техникалык каражаттарды биринчи каттоодогу төлөмдөрдөн сырткары кардарлардан транспорт каражатын каттоого 264 сом, ал эми атайын технологиялык транспортторду каттоо үчүн 195 сом өлчөмүндө акча каражаты ашыкча алынган.
Жыйынтыгында транспорт каражаттарын биринчи каттоо учурунда, транспорт каражатын каттоо (регистрация ТС) деп жалпы 2023-жылы 34 236,5 миң сом кардарлардан ашыкча алынган.
"Транспорт каражаттарынын регистри" автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматы боюнча, биринчи каттоодон кийин бир күндүн ичинде кайра каттоодон өткөн транспорт каражаттарынын саны 32 662 даананы түзгөн. Анын ичинен 28 320 даана транспорт каражатын кайра каттоо учурунда кароо же болбосо визуалдык текшерүү жана фотофиксация өткөрбөстөн биринчи каттоо учурундагы кароонун негизинде дагы бир жолу кароодон өттү деп кардарлардан 7 312,5 миң сом негизсиз алынган.
2023-жылы теориялык экзамендерге 533 413 талапкер катталса, практикалык экзамендерге 180 749 талапкер катталган. Теориялык экзамендерди 72 368 талапкер гана ийгиликтүү тапшырган, бул жалпы тапшырган талапкерлердин 13% ын гана түзөт. Бул көрсөткүч талапкерлердин даярдыгынын төмөн деңгээлин жана айдоочулук курамды окуткан окуу жайларында талапкерлерди өтө төмөн деңгелде даярдаганын жана УНАА агенттигинин коррупция менен күрөшүүсүнүн жыйынтыгы болуп эсептелет.