www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын лидери Владимир Путин жана украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен жолугуп, дан коридору тууралуу сүйлөшүүнү пландоодо. Бул тууралуу ТАСС Түркиянын президентинин кеңсесине таянуу менен билдирди.
Эрдогандын айтымында, азыр Украина менен Орусия айыл чарба продукциясынын көбү өндүрүлгөн.
Учурда Түркиянын дан маселеси жок, анткени жергиликтүү кампаларда 5 миллион тонна буудай бар, бирок Эрдоган көлөмүн көбөйтүүнү каалап жатканын айтты.
Ал ушул себептен Украина жана Орусиянын президенттери менен сүйлөшкүсү келип жатканын айтты. Эрдоган белгилегендей, Түркия «өзү үчүн эле эмес, үчүнчү өлкөлөр үчүн» айыл чарба товарларын жөнөтүү үчүн коопсуз коридор түзүүгө катышат.
Жакынкы аралыкта бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр уланаары күтүлүүдө. Үч өлкөнүн лидерлери «дан коридорун» түзүү үчүн кандай кадамдарга барса болорун талкуулашат.
Июнь айынын башында Түркия Украинанын портторунан эгин экспорттоо боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү мүмкүндүгү боюнча Орусия Федерациясынын чечимин күтүп жатканы белгилүү болгон. Стамбулда жолугушууларды өткөрүү сунушталып, ага Орусия, Украина, Түркия жана БУУнун өкүлдөрү катышат.
Май айынын аягында түрк лидери жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон да Украинадан дан ташып келүүчү бөгөттөрдү жоюу үчүн биргелешип иштөөнү макулдашты. Эрдоган менен Жонсон Украинада уланып жаткан жаңжал жана анын Евро-Атлантика аймагы үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн кесепеттери тууралуу тынчсыздануусун билдиришти.
Булак: NazarNews.kg