www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-июнда Өкмөт үйүнүн жанына кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы митинг өтүүдө.

Нааразычылык акциясына чыккандардын саны 200гө чукулдады.

Баяндамачылар угуучуларды тартипти сактоону жана провокацияга алдырбоону суранышат. Милиция кызматкерлери акцияга эч кандай каршылык билдиришкен жок.

«Бизде эки гана өтүнүч бар - кассалык машиналарды жана эсеп-фактураларды жокко чыгаруу. Биз министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жеке жолугушууну талап кылабыз», - деп талап коюда митингчилер.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Буга чейин бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикеттерди өткөрүшкөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги «Дордой» жана «Ош» базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости