www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Түркия менен COVID-19 вакциналары жаатында терең кызматташууга даяр жана түрк тарапка коронавирус пандемиясын тезирээк жеңип чыгууга жардам берет. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жана премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө айтылды.

Си Цзиньпин өткөн жылдан бери Кытай-Түркия практикалык кызматташтыгы келечектүү натыйжаларга жетишип, жогорку туруктуулукту жана зор потенциалды көрсөттү деп белгиледи.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын айтымында, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө эки тараптын тыгыз өз ара аракети мамлекеттер аралык мамилелердеги жаңы жаркын учур болуп калды.

Си Цзиньпин жакында Кытай менен Түркия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгын белгилей тургандыгын эскерди. Кытай тарап Түркия менен Кытай-Түркия стратегиялык өнөктөштүгүнүн мындан аркы өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Тараптар бири-биринин негизги маселелерин сыйлап, стратегиялык өз ара ишенимди орнотушу керектиги баса белгиленди.

Кытай Түркияны мамлекеттик суверендүүлүгүн, көзкарандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоодо, ошондой эле улуттук өзгөчөлүктөрүнө ылайык өнүгүү жолун тандоодо колдойт, деди Кытай президенти. Анын айтымында, кытай тарап Түркия менен коопсуздук, терроризмге каршы күрөш жана башка тармактарда кызматташууну чыңдоого даяр.

Эрдоган өз кезегинде Си Цзинпинди дагы бир жолу Кытайдын Коммунисттик партиясынын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Бул жылы Түркия менен Кытайдын ортосунда эки өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгы белгиленип жаткандыгын белгиледи.

Түркия Кытай менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда, деди Эрдоган. Анын айтымында, түрк тарап келечекте Кытай менен тыгыз кызматташтыкты улантууга, "Кур жана Жол" долбоорун биргелешип курууга, ошондой эле экономика, соода жана инфраструктура куруу сыяктуу тармактарда практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр. Түркия Кытай компанияларынын өлкөнүн экономикасына салган инвестицияларын кубаттайт, деп кошумчалады президент.

Түрк лидери Кытайга COVID-19 пандемиясына каршы күрөштөгү баа жеткис жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, кытай вакциналарынын коопсуздугу жана натыйжалуулугу бүткүл дүйнө жүзүндө таанылып, ишенимге ээ болгонун белгиледи. "Түркия Кытай менен эмдөө жаатында кызматташтыкты бекемдөөгө үмүттөнөт", - деди Р.Т. Эрдоган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости