www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган 25 -  майда Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа Биримдиги комиссиясынын төрагасы Жан  -  Клод  Юнкер менен жолугушат.

Европа Биримдиги комиссиясынын башкы сүйлөшүүчүсү Маргаритис Шинас күнүмдүк басма сөз жыйынында берген маалыматында Эрдоган, Туск жана Юнкердин  ортосундагы сүйлөшүүнүн 25 -  май күнү Бельгиянын борбор шаары Боюсселде өткөрүлөрүн айтты.

Шинас сүйлөшүү өткөрүлө турган жер тууралуу маалымат берген жок.

Президент Эрдоган 25 -  майда НАТОнун жаңы штабынын ачылышынан улам өткөрүлө турган саммитке катышат. Эрдогандын саммиттин негизинде кээ бир лидерлер менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүшү пландалууда.

Европа Биримдиги мекемелеринин лидерлеринин Эрдоган менен сүйлөшүүнү каалагандыгын биринчи болуп Германиянын канцлери Ангела Меркель 29 -  апрелде болгон Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинен кийин билдирген болчу.  

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости