www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоганды кемсинткен журналист камалды

Түркияда журналист Седеф Кабаш президент Режеп Тайып Эрдогандын сөздөрүн кемсинткени үчүн камакка алынганын CNN Turk түз эфиринде билдирди. «Сот Сенем Кабашты камакка алуу чечимин чыгарды», - деп билдирди телеканалдын кабарчысы.

Түрк журналисти мамлекет башчыларынын саясатына токтолуп, ордодогу адамдарды кемсинткен сөздөрдү айтты. Анын сөздөрү социалдык тармактарда кеңири резонанс жараткан.

Бийликтеги «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын өкүлдөрү болгон айрым аткаминерлер журналисттердин сөзүнө катуу жооп кайтарышты. Тактап айтканда, полициянын басма сөз катчысы Өмер Челик анын сөздөрү оппозициянын турумун эмес, «адепсиздикти жана келесоолукту» билдирет деп түшүндүрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости