www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Цитрус жемиштери – кышындагы пайдалуу азыктар

Грейпфрут, апельсин, лимон, мандарин сыяктуу цитрус жемиштери инфекциядан сактайт, иммунитетти көтөрөт жана зат алмашууну жакшыртат.

Курма

Курманы кышында колдонуунун эң биринчи себеби: жылдын башка мезгилдеринде бул жемишти табуу кыйын. Ооругандан кийин организмди бат калыбына келтирет. Авитаминоз, ичеги-карын оорулары менен ооругандарга, иммунитети төмөндөргө өзгөчө пайдалуу.

Сабиз

Кышында сабизди көп колдонуу менен өпкө ооруларынын алдын алса болот. Андан сырткары, адамды энергиялуу, сергек кылат. Анын курамындагы А витамини – жаштыктын булагы: организмдин клеткаларын жаңылайт.

Сарымсак

Сарымсак – эң мыкты антиоксидант. Анын курамындагы аллицин заты вирус жана бактерия менен активдүү күрөшөт. Кышкысын күнүнө 1-2 тишчеден сарымсак жесеңиз, ар кандай суук тийүү ооруларын оңой жеңесиз.

Анар

Анар – кандагы гемоглобиндин деңгээлин жогорулатуучу жемиш. Данектери фитогормондорго бай болгондуктан, кышкысын өзгөчө аялдар үчүн пайдалуу.

Булак: Азия News гезити

Последние новости