www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдогандын кортежи аварияга учурады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кортежи жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен коопсуздук кызматкери каза болду. Бул тууралуу кечээ, 13-мартта Эрдоган өзү Мардиндеги митингде айтты.

«Сырнактагы митингибизден кийин бүгүн жол кырсыгынан каза болгон полиция кызматкери Фират Дереге көңүл айтам», - деди түрк лидери.

Эрдоган жаракат алган башка кызматкерлердин тез сакайып кетишин каалады.

IHA агенттигинин маалыматына караганда, Түркиянын түштүк-чыгышындагы Ширнак провинциясында болгон жол кырсыгында бир полициячы каза болуп, үчөө жарадар болгон, алардын экөө полициячы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык Эрдогандын кортежиндеги жеңил унаалар менен курулуш материалдарын ташыган жүк ташуучу унаанын кагылышынан келип чыккан.

Эске сала кетсек, буга чейин Анкаранын Голбоши районунда Судандын президенти Абдулфаттах аль-Бурхандын уулу Мухаммад аль-Бурхан Рахман мотоцикл айдап баратып жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости