www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып, 2023-жылы Кыргызстанда ар кандай себеп менен 2 125 дарыгер жумуштан кеткенин билдирди. Эл өкүлү бул тууралуу парламенттин 14-марттагы отурумунда айтып, өкмөттү медициналык кызматкерлерге камкордукту күчөтүүгө чакырды.

“Жүздөгөн дарыгерлерибиз жумуш издеп Орусияга кетип атат. Министрлер кабинети, Жогорку Кеңеш биригип дарыгерлерибизди коргойлу. Каржылык жактан, моралдык жактан, мыйзам менен коргобосок болбойт. Ушуну менен кете берсек бара-бара бүбү-бакшыларга күнүбүз түшөт”, - деди ал.

Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканасында 4-мартта беш дарыгер айлык акы аз деген негизде иштен кеткен.

Кыргызстанда акыркы учурларда өз милдетин аткарып жаткан медкызматкерлерге кол салуулар көбөйдү. Ушул жылдын башынан бери эле дарыгерлер иш убагында ур-токмокко кабылган 3-4 окуя катталды.

Ушундан улам Жогорку Кеңенштин депутаттары Жанар Акаев, Мирлан Самыйкожо, Жылдыз Садырбаева, Акылбек Түмөнбаев, Нулифар Алимжанова жумуш учурунда медициналык кызматкерлердин ден соолугуна залал келтиргендерге жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. 

Последние новости