www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европалык лидерлерге НАТОнун Анкарадагы саммитинде белекке тапанча жана ок-дарылар тапшырылды.
Politico басылмасынын 9-июлдагы маалыматына ылайык, Анкарада өткөн НАТО саммитине катышкан европалык лидерлерге коштошуу белеги катары оймо-чиймелери түшүрүлгөн тапанчалар жана согуштук октор берилди.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул белектерди Европа кеңешинин төрагасы Антониу Коштага, Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармерге жана Нидерланддын премьер-министри Роб Йеттенге тапшырган.
Белгилей кетсек, 8-июлда Анкарада өткөн НАТО саммитинин жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө катышуучу өлкөлөр өздөрүнүн бардык коргонуу боюнча милдеттенмелерин аткарып жатышканын жана алардын пикиринде, Орусиядан келип жаткан узак мөөнөттүү коркунучка каршы турууга даяр экенин билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы Европадагы жана Канададагы союздаш мамлекеттер коргонууга бөлүнгөн инвестицияларды 139 миллиард доллардан ашык көбөйтүшкөн. Ошондой эле 50 миллиард доллардан ашуун суммадагы жаңы аскердик сатып алуулар жарыяланып, коргонуу өнөр жайынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана инновацияларды тезирээк киргизүү үчүн өнөр жай менен кызматташууну күчөтүү боюнча милдеттенмелер кабыл алынган.